Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Таласта төрт партия шайлоо жыйынтыгына нааразы


Kyrgyzstan, Talas, Musiсal School
Kyrgyzstan, Talas, Musiсal School

Борбордук шайлоо комиссиясынын баштапкы маалыматына караганда, Талас шаардык кеңешке катышкан он бир партиянын бешөө босого чектен өттү. Алар “Асыл-Мурас жаштар”, “Аманат” “Ыйман Нуру” “Республика” жана “Кыргызстан” саясий партиялары.

Шайлоодо маарага жетпей калган “Айкөл”, “Ата-Журт Кыргызстан” “Улуу Журт” жана “Социал-демократ” саясий партиялары болсо добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып чыкты. Алар шайлоо добуш сатып алуу өңдүү мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып нааразы болуп жатышат.

Башында аймактык шайлоо комииссиясына арыз жолдогондордун арасына шайлоодо үчүнчү орунду алган “Ыйман Нуру” партиясы дагы кошулуп калган. Бирок Шаардык комиссиянын төрагасы Самар Ташибеков бул жаңылып мөөр коюп алышканын билдирди.

“Азыркы учурда арызды караштырып жатабыз, 1-2 күн ичинде тийиштүү жоопторду беребиз. Ал эми “Ыйман Нуру” партиясы түшүнүк жазып жатат, алар жаңылып мөөр басып алганын мойунга алышты”, -деди Ташибеков.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өткөрүлдү. Ушул эле күнү президенттик башкарууга багытталган Баш мыйзамдын долбоору жалпы элдик добушка коюлду. Ага шайлоочулардын 37% ашыгы гана келип, 79% ашыгы "макул" деген добуш беришти. Жергиликтүү кеңештерге да шайлоонун баштапкы жыйынтыктары жарыяланды.

Талас шаардык кеңешине 557 талапкерден турган 11 партия катталган. Кеңеште 31 мандат бар. (MKt)

XS
SM
MD
LG