Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Кыргызстан менен ЕККУнун кызматташтыгы талкууланды


Анн Линде жана Садыр Жапаров. Бишкек. 13-апрель, 2021-жыл.
Анн Линде жана Садыр Жапаров. Бишкек. 13-апрель, 2021-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) төрайымы, Швециянын тышкы иштер министри Анн Линдени кабыл алды.

Бишкектеги жолугушууда тараптар өз ара байланыштарды бекемдөө жана кызматташтыкты талкуулашты.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Жапаров өлкөдө өткөөл мезгил аяктаганын, ички саясий кырдаал турукташканын, шайлоо жараяндарын өткөрүүдө эл аралык байкоочулардын ролу чоң болгонун белгиледи.

Президент Конституциянын жаңы редакциясына ылайык, бардык жоопкерчилик өзүнө жүктөлөрүн айтып, анын кабыл алынышы өлкөдөгү тартипти чыңдап, андан ары өнүгүшүнө кепилдик берет деп ишенимин билдирди. Ал эми ЕККУну коопсуздук жана кызматташтык маселелеринде диалог үчүн маанилүү аянтча деп атады. Кыргызстан ЕККУнун аймагында эркиндик, демократия жана коопсуздук идеяларына берилген өлкө бойдон кала берерин, уюмдун принциптери менен милдеттенмелерин толук сактаганын эске салды. Мындан тышкары Швеция менен мамилелерди өнүктүрүү зарылдыгын айтып, анын коррупцияга каршы күрөшүү тажрыйбасына жана экологияны коргоо жаатындагы кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдарлыгын маалымдады.

Өз кезегинде Анн Линде Кыргызстан ЕККУнун өтө баалуу өнөктөшү жана мүчө-өлкөсү экенин, уюм кызматташууну улантууну көздөй турганын айтты.

Линденин белгилешинче, Кыргызстан жергиликтүү кеңештерге шайлоодо аялдарга 30% квота киргизген Борбор Азиядагы биринчи өлкө болуп калды.

Ошону менен бирге ал айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иштелип жаткан декларацияны Кыргызстан колдойт деген үмүтүн билдирди. Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтык кыргыз-швед эки тараптуу алакасын чыңдоо үчүн негиз болуп саналарын кошумчалады.

Жапаров Кыргызстан ЕККУ менен мындан ары да ийгиликтүү кызматташууга даяр деп ишендирди.

Анн Линде Борбор Азияга сапарынын алкагында Кыргызстанга бүгүн, 13-апрелде келди. (NT)

XS
SM
MD
LG