Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 19:24

Сегизбаевдин иши: Жанарбек Акаев суракка чакырылганын билдирди


Жанарбек Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы, президенттикке талапкер болгон Абдил Сегизбаевге карата козголгон кылмыш ишине байланыштуу сурак берип чыкты.

Бул тууралуу депутат 13-апрелде журналист Али Токтакунов менен интервьюсунда билдирди.

"Эч жакка айта элек элем. 15 күн мурда дагы УКМКга күбө катары суракка чакырышты. Мен суракка бардым. Тергөө кызыкчылыгына байланыштуу деп кол коюп бердим. Абдил Сегизбаевдин иши боюнча. "Ушуга көрсөтмө бересизби, убагында ушинттиңиз эле" дешти. Бирок суракка чакыруунун ар кандай себеби бар. Мен Сегизбаев менен иштебесем, аны менен байланышым жок болсо... УКМКга чакырып, бизди суракка алуунун өзү - психологиялык басымдын бир түрү. Экинчиден, суракка кирип баратканда телефонуңду алып коюшат. Биз кирип кеткенден кийин телефондон көчүрүп алышат. Көп саясатчылар менен сүйлөшсөм, сурактын себебин ошону менен байланыштырышты. Башка эле маселе менен суракка чакырып, телефонду калтырып киресиң. Бирок маселенин баары телефондо деп айткандар болду. Атайын адистер бар, телефондун сыр сөзүн ача албайт, бирок программаларын көчүрүп, ким менен эмне тууралуу сүйлөшүп жатканыңды карап турган. Ошол себептүү биз сүйлөшүп, жазышканда да абайлаганга аракет кылабыз", - деди Жанарбек Акаев.

УКМКдан депутаттын айткандары, сурактын чоо-жайы тууралуу комментарий алууга мүмкүн боло элек.

Сегизбаевге карата жалпысынан алты иш тергелип жатат. Алар “Белизгейт” окуясына, кызматтык батирлерди, бюджеттик акчаны бөлүштүрүүгө, жер тилкелерине, энчилүү курал менен сыйлоого байланыштуу.

Ал «Белизгейт» окуясы боюнча Жазык кодексинин 320-беренесинин (“Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”) негизинде 25-январда кармалган. Азыр атайын кызматтын тергөө абагында отурат. Биринчи май райондук соту анын камактагы мөөнөтүн 25-майга чейин узарткан.

УКМКны 2016-2018-жылдарда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда жетектеген Сегизбаев 10-январдагы президенттик шайлоодо ат салышып, 1,46% добуш алган.

Камакка алынардын алдында ал өзүнө козголгон иштерди “саясий өч алуу” деп атаган. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG