Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:03

Камактагы Эмир Чукуевдин ата-энеси президентке кайрылды


Бишкек. Эмир Чукуевдин тарапташтарынын митинги. 2021-жыл. 18-март.
Бишкек. Эмир Чукуевдин тарапташтарынын митинги. 2021-жыл. 18-март.

“Манас” аэропортунун башкармалыгынын мурдагы төрагасы, коррупцияга шектелип камакта отурган Эмир Чукуевдин ата-энеси 14-апрелде президент Садыр Жапаровго ачык кайрылуу жолдоду.

Атасы, 82 жаштагы Майрамбек Чукуев баласынын күнөөсүз экенин айтып, ишти адилеттүү чечип берүүгө жардам сурады.

Буга чейин Чукуевдин жакындары үч ирет Бишкектин Ленин райондук сотунун алдына нааразылык акцияга чыгышып, аны жок деген үй камагына бошотууну талап кылышкан. Буга анын ден соолугу начарлап кеткенин жүйө келтиришкен.

“Манас” аэропортунун башкармалыгын 2015-жылдан 2018-жылга чейин жетектеген Эмир Чукуев 9-февралда Түркиянын «Gata havayollari ve tasimacilik» компаниясына эл аралык жүк ташуу боюнча жеңилдикти мыйзамсыз берген жана ошонун айынан мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген деп айыпталууда. Ал сөз болуп жаткан иш боюнча башка шектүүлөр менен кошо кармалган.

Ленин райондук сотунун чечими менен 8-февралда Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. (NT)

XS
SM
MD
LG