Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:44

Бишкек баатырдын эстелигинин ачылышы өттү


Бишкек баатырдын эстелигинин ачылышы.
Бишкек баатырдын эстелигинин ачылышы.

Бүгүн, 14-апрелде Бишкекте улуттук баатыр — Бишкек баатырдын эстелиги ачылды. Расмий иш-чарага президент Садыр Жапаров жана коомчулук өкүлдөрү катышты.

Жапаров өз сөзүндө “XVII–XVIII кылымдар — кыргыз эли душмандар менен кырды бычак түшүп кырылышкан кандуу жана калабалуу окуяларга бай, элибиздин эстутумуна терең из калтырган доор” экенин айтып, Бишкек баатыр да эл четинде, жер чегинде туруп, эрдиги менен таанылганын белгиледи.

Эстеликтин ачылышы.
Эстеликтин ачылышы.

Бишкек Кенен уулу (Бишкек баатыр) — 18-кылымда жашаган тарыхый инсан. Ал кыргыз элинин душмандарга каршы улуттук-боштондук кыймылын жетектеген.

Бишкек баатырдын эстелигинин фрагменти.
Бишкек баатырдын эстелигинин фрагменти.

Бишкек баатырдын эстелиги колодон жасалды. Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишине жакын жерге орнотулган эстеликтин бийиктиги үч метрден ашат. (RK)

XS
SM
MD
LG