Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:15

Сот БШКнын алдында митинг өткөрүүгө тыюу салды


 Боршайкомдун алдындагы акция. Сүрөттө Коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев (ортодо).
Боршайкомдун алдындагы акция. Сүрөттө Коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев (ортодо).

Бишкектин Свердлов райондук соту Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында митинг өткөрүп, ачкачылык жарыялоого тыюу салды. Бул тууралуу Коммунисттер партиясынын төрагасы Исхак Масалиев билдирип, «Фейсбуктагы» баракчасына соттун чечиминин көчүрмөсүн жарыялады.

Анын маалыматына караганда, сот мындай чечимди райондук акимчиликтин арызынын негизинде чыгарган. Чечим нааразы партиянын өкүлдөрүнө берилген.

Бүгүн, 14-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон саясий партиялар Боршайкомдун алдында ачкачылык акциясын баштаганын жарыялашкан. Коммунисттер партиясынын мүчөсү Амантур Манапбаев акция буга чейин сегиз саясий партиянын атынан жөнөтүлгөн кайрылууга жооп алуу максатында уюштурулганын жана үч күн уланарын кабарлаган.

Сегиз партия президентке, БШКга, Башкы прокуратурага кайрылуу жолдогону, анын арасында «Бүтүн Кыргызстан», «Тынчтык», «Жашылдар партиясы», «Коммунисттер партиясы», «Социалисттик партия», «Улутман», «Улуу Журт» партиялары бар экенин, алардын ар биринен бирден-экиден өкүл ачкачылык акциясына катышары айтылган.

Милиция кызматкерлери нааразы тарап орноткон чакан чатырчаларды алып, Амантур Манапбаевге күч органынын өкүлдөрүнө баш ийбеди деген негизде 3 миң сом айыппул салынган.

11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөн. Ага катышкан айрым партиялар 12-апрелде "бир катар одоно мыйзам бузуу болду" деген негизде башкалаадагы добуш берүүлөрдүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышкан.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова эгерде кайсы бир шайлоо тилкесинде эреже бузуу аныкталса ал жердеги добуштардын жыйынтыгы жокко чыгарыларын, партиялар менен талапкерлерге да чара көрүлөрүн жарыя кылган. (NT)

XS
SM
MD
LG