Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2021 жума, Бишкек убактысы 14:31

Адвокат: Сегизбаев энчилүү куралга байланышкан айыпты четке какты


Абдил Сегизбаев. 2019-жыл, август. Архивдик сүрөт.

Бир нече кылмыштарга шектелип камакка алынган Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев энчилүү курал менен сыйлоо боюнча айыпты четке какты.

Бул тууралуу адвокат Кантемир Турдалиев «Азаттыкка» билдирди.

Анын маалыматына караганда, Аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү энчилүү курал менен мыйзамсыз сыйлоо фактысына байланышкан айыптоо катын тапшырууга жана ага кол койдурууга аракеттенишкен.

Бирок Сегизбаев бул иш ойдон чыгарылган деген негизде кагазга кол коюудан баш тарткан.

Адвокаттын айтымында, атайын кызматтын мурдагы төрагасына карата "Белизгейт" боюнча тергөө иштери жүргүзүлө элек.

"Күбөлөрдү чакырып, суракка алышууда. Бирок эч нерсе таппай жатышат", - деди Турдалиев.

УКМК жана прокуратура мындай билдирүүлөргө комментарий бере элек.

Сегизбаевге карата жалпысынан алты иш тергелип жатат. Алар “Белизгейт” окуясына, кызматтык батирлерди, бюджеттик акчаны бөлүштүрүүгө, жер тилкелерине, энчилүү курал менен сыйлоого байланыштуу.

Ал «Белизгейт» окуясы боюнча Жазык кодексинин 320-беренесинин (“Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”) негизинде 25-январда кармалган. Азыр атайын кызматтын тергөө абагында отурат. Биринчи май райондук соту анын камактагы мөөнөтүн 25-майга чейин узарткан.

УКМКны 2016-2018-жылдарда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда жетектеген Сегизбаев 10-январдагы президенттик шайлоодо ат салышып, 1,46% добуш алган.

Камакка алынардын алдында ал өзүнө козголгон иштерди “саясий өч алуу” деп атаган. (NT)

Пикирлерди көрүңүз

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG