Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

Кыйноого даттанган жаранга экинчи ирет операция жасалмай болду


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну милициянын кыйноосуна кабылганын айтып арызданды. Бул тууралуу Кыйноонун алдын алуу улуттук борбору 14-апрелде билдирди.

Ага ылайык, арыз жазган адам 24-мартта Кызыл-Кыя шаардык милициясына күбө катары суракка чакырылган. Анда ички иштер органынын кызматкери сөгүнгөн сөздөрдү сүйлөп, башка-көзгө соккулаган. Мунун айынан ошол жарандын операция жасаткан көзүнүн оорусу күчөп кеткен.

Аталган борбор кыйноого кабылган жаран медициналык текшерүүдөн өткөндөн кийин ооруган көзүнө кайра операция жасалышы керек деген кортунду чыгарылганын билдирди. Уюм бул факт тууралуу материалдарды тиешелүү органдарга жиберди.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы кыйноо фактысы тууралуу комментарий бере элек.

Укук коргоочулардын айтымында, Кыргызстанда кыйноо, зордук-зомбулук негизинен кылмышка шектүү адам жаңы кармалганда, милиция бөлүмдөрүндө катталат. Ички иштер министрлиги (ИИИ) мындай окуялар бар экенин мойнуна алып, кызматкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турарын билдирип келет.

2020-жылы аталган борборго 100дөй арыз түшкөн. (NT)

XS
SM
MD
LG