Кыргызстанга коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасынын алгачкы 30 миң дозасы жакын арада келмей болгонун саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевге таянып 14-апрелде Kaktus.media агенттиги жазды.
Министрдин айтымында, Орусиянын “Спутник V” вакцинасынын 1 миллион дозасына арыз берилген, анын 30 миңи жактырылды. 30 миң вакцина 15 миң адамды эмдөөгө жетет.
Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө 29-мартта Кытайдын SinoPharm вакцинасы менен башталган. Эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлүүдө. 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген.
Кыргызстанда коронавирус 90 миңден ашуун адамга жукту, алардын 1,5 миңдейи каза болду. (RK)