Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Молдова: Конституциялык сот президенттин парламентти таратуу укугун тааныды


Мая Санду. Молдованын президенти. Игорь Додон. Экс-президент. Социалисттик партиянын төрагасы.
Мая Санду. Молдованын президенти. Игорь Додон. Экс-президент. Социалисттик партиянын төрагасы.

Конституциялык сот президент Мая Сандунун парламентти таратып, жаңы шайлоо жарыялоо укугунун мыйзамдуулугун аныктап, анын өтүнүчүн канааттандырды.

Бул чечим акыркы жана даттанууга жатпайт” деп билдирди соттук кароонун аягында Молдованын Конституциялык сотунун төрайымы.

Президент Мая Санду социалисттер үстөмдүк кылган кремлчил парламентти "анын реформа жүргүзүү демилгесине тоскоолдук кылууда" деп айыптаган.

Буга байланыштуу ал парламентти таратып, жаңы шайлоо дайындоо демилгесин бир нече ирет көтөргөн.

Быйыл март айынын аягында ал өзүнүн парламентти таратуу укугунун Баш мыйзамга шайкештигин аныктап берүү өтүнүчү менен Конституциялык сотко кайрылган.

Парламент буга чейин президент Мая Санду премьер-министрликке көргөзгөн эки талапкерди өткөзбөй койгон. Молдованын Баш мыйзамына ылайык, президенттин премьер-министрди көрсөтүү укугу эки ирет четке кагылганда, мамлекет башчысы парламентти таратып, жаңы шайлоо дайындоого акысы бар.

Соттук кароого келип өзүнүн президенттик ыйгарым укугун жүйө келтирген Мая Санду парламентти таратып, жаңы шайлоо дайындоо аргасыз чара экенин билдирди.

Орусия колдогон Молдованын Социалисттик партиясынын төрагасы, мурдагы президент Игор Додон анын партиясы пандемия маалында шайлоо өткөзбөө үчүн бардык мыйзамдуу каражаттарды колдоно турганын билдирген.

АКШда билим алган, Дүйнөлүк банктын кеңешчиси болуп иштеп келген Мая Санду былтыр ноябрь айындагы президенттик шайлоодо Додонду жеңип чыккан. Ал шайлоодо өлкөдө тамыр жайган коррупцияга каршы күрөшүү жана Евробиримдик менен жакындашуу саясатын жүргүзүү максатын койгон.

XS
SM
MD
LG