Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:10

Өкмөт "саясий кастыкты козутуу" түшүнүгүн киргизүүнү сунуштады


Ала-Тоо аянтындагы митинг. 5-октябрь, 2020-жыл
Ала-Тоо аянтындагы митинг. 5-октябрь, 2020-жыл

Кылмыш жана кылмыш-процессуалдык кодексине "саясий кастыкты козутканы жөнүндө" түшүнүк киргизүү тууралуу өкмөттүн сунушун Жогорку Кеңеш 15-апрелде карады. Депутат, КСДП фракциясынын мүчөсү Дастан Бекешев ИИМдин бул демилгеси адам укугун коргоого каршы келерин айтты:

«Орусияда дал ушул түшүнүк менен 16 жаштагы баланы телеграмм-каналынан Путинди сындап койгону үчүн түрмөгө камашты. Бизде да ушундай болобу? Саясий күрөш, сын деген болушу керек да. Адамдар өз пикирин да айта албай калышабы эми? Эгер эртең президентти сындап, анын саясатына каршы пикир айтсак, анда бизди да ошол эле замат саясий экстремист деп чыгышат", - деди Дастан Бекешов.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев депутатка жооп кылып, жоопкерчиликке комментарий үчүн эмес, аракеттери үчүн тартыларын билдирди.

ИИМ демилгелеп жаткан "Айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору экстремисттик ишмердүүлүк тууралуу беренени өзгөртөт. Ага ылайык, мурда улуттук, этникалык, расалык экстремизм болсо, мындан ары саясий экстремизм деген түшүнүк киргизилет.

Демилгечилер "Саясий кастык" түшүнүгүн экстремизмге каршы күрөшүү боюнча Шанхай конвенциясына, Кыргызстандын "Экстремисттик ишмердүүлүккө каршы туруу жөнүндө" мыйзамына жана экстремисттик иштерге азгыруу, аларды каржылоого каршы кылмыш-укуктук нормаларды күчтөндүрүү максатына ылайык кодекстерге киргизүү зарылчылыгын белгилешүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG