Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2021 жума, Бишкек убактысы 13:58

Навальныйды колдоп жүргөн ырчынын концерттери болбой калды


Максим Покровский концерт учурунда.

"Ногу свело!" рок-группасынын лидери, орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын тарапкери Максим Покровский Сибирге пландалган концерттик туру болбой калганын билдирди.

Ырчы мунун себебин жергиликтүү бийликтер тарабынан концерт уюштуруруучуларга коркутуп-үркүтүүлөр болгону менен байланыштырды.

"Ногу свело!" рок-группасы 25-апрелден 6-майга чейин Сибирь аймагындагы Омск, Новосибирск, Томск, Кемерово, Красноярск, Абакан жана Иркутск шаарларын кыдырып, концерт бермек. Максим Покровский концерттерге билеттер жакшы сатылганын белгиледи. Ырчы эми турду күз айына пландап жатканын жазды.

Максим Покровский оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды колдоп келген, камалгандан кийин Навальныйдын бошотулушун талап кылган.

Кремлдин башкы сынчысы Алексей Навальный мындан алты жыл мурунку иши үчүн 2,5 жылга эркинен ажыратылган.

Пикирлерди көрүңүз

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG