Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:09

COVID-19: Кенемте маселесин атайын комиссия иликтейт


Пандемия шартында иштеген медиктер. Иллюстрация.
Пандемия шартында иштеген медиктер. Иллюстрация.

Кыргызстанда коронавирус жугузуп алган дарыгерлерге кенемте төлөө маселесин атайын комиссия иликтеп чыгат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кенемтеге байланыштуу митингге чыккан медкызматкерлер менен жолугушкан. Анда кенемте үчүн бюджеттен 200 миллион сом каралганын айткан. Арыздарды кароо боюнча комиссиянын курамы жаңыланарын, талаш жараткан учурлар кайра караларын билдирген.

Акыркы күндөрдө өлкөдө коронавирус жугузгандар, андан кайтыш болгондор көбөйүп жатат. Илдет аныкталган медицина кызматкерлери да күн сайын катталууда. Коронавирус пандемиясы башталгандан бери илдет 4354 медкызматкерге жугуп, анын 4269у айыгып чыкты. Вирустан кайтыш болгон дарыгерлердин саны 100дөн ашты.

Саламаттык сактоо министрлиги кенемте төлөөнүн тартибин 2021-жылдын 11-январынан тартып өзгөрткөн. Анын негизинде вирус жугузуп алган дарыгерлерди изилдеп, чечим чыгаруу милдети ооруканадагы жетекчиликке берилген.

Вирус жугузуп алгандар үчүн кенемте 75 миң сомду түзүп калган. Ушул эреже медкызматкерлердин нааразылыгын жаратып, Бишкекте 100дөй кызматкер 17-апрелде тынчтык акцияга чыгышкан. Пандемия башталган бир жыл ичинде расмий маалыматка ылайык өлкөдө коронавирус 91 миңден ашуун адамга жугуп, 1559 киши каза болду.

Ушул кезге чейин ооруп айыккан 1500дөн ашуун медициналык кызматкерге 200 миң сомдон кенемте берилген. Ал эми каза болгон дарыгерлердин үй-бүлөсүнөн 60 арыз түшүп, 32 үй-бүлөгө бир миллион сомдон кенемте төлөндү. Жалпы кенемте төлөөгө 185 миллион сом жумшалганы маалымдалган. (NT)

XS
SM
MD
LG