Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Ошто илбирстин терисин сатууга шек саналган адам кармалды


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Ошто үч илбирстин терисин мыйзамсыз соодалап, 4500 АКШ долларына сатууну көздөгөн адам кармалганын билдирди.

УКМКнын басма сөз кызматы кылмышка шектүү бул терилерди Тажикстандан алганын билдирди.

Илбирс – жоголуп кетүү коркунучундагы жапайы жаныбар, Кызыл китепке кирген. Кыргызстанда мыйзам менен корголот.

Кармалган жарандын иши Кылмыш-жаза кодексинин 293-беренеси менен(Кызыл китепке кирген жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу) иликтене баштады.

Кыргызстанда илбирсти аткан, анын терисин соодалаган учурлар буга чейин дагы катталган.

XS
SM
MD
LG