Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:18

Активист Арыкова министр Бейшеналиевдин үстүнөн УКМКга арыз жазды


Алымкадыр Бейшеналиев уу коргошун тундурмасын жарыялап жаткан учур. 16-апрель, 2021-жыл.
Алымкадыр Бейшеналиев уу коргошун тундурмасын жарыялап жаткан учур. 16-апрель, 2021-жыл.

Активист Умай Арыкова саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди кылмыш жообуна тартууну өтүнүп Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке арыз жазды. Бул тууралуу 19-апрелде "Азаттыкка" билдирген активист, Бейшеналиевдин коронавирусту уулуу чөп менен дарылоо тууралуу чакырыгы улуттук коопсуздукка кесепетин тийгизерин белгиледи.

Арыкова ушундай эле арызды үч күн мурун Башкы прокуратурага да жолдогон. Ал министрдин аракетине Жазык кодексининин бир канча беренеси менен, анын ичинде "Саламаттыкка атайлап зыян келтирүү" беренеси менен баа берүү керек деп эсептейт.

15-апрелде президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын жарыялаган. Көп өтпөй анын социалдык тармактагы расмий баракчаларына бир нече киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө кайнатманы куюп жатканы тартылган видео жарыяланган. Анын сыртында "Уу коргошун" деген жазуу болгон.

16-апрелде министр Бейшеналиев брифинг өткөрүп, уу коргошун ушул кезге чейин Кыргызстандагы ооруканаларда жаткан 300 бейтапка берилип, байкоо жүргүзүлгөнүн жана натыйжасы билингенин айтып чыккан.

Ал журналисттердин алдында уу коргошундун тундурмасын ичип, анын зыянсыз экенин белгилеген.

Медицина тармагында иштеген бир катар адистер жана жарандык активисттер уу коргошундун тундурмасын дары катары колдонуу адам өмүрүнө коркунучтуу экенин айтып, сындашууда.

Ал арада "Фейсбук" компаниясы Садыр Жапаровдун COVID-19дан "айыктыруучу дары" тууралуу постун өчүрүп салды.

Латынча Aconítum soongáricum чөбү Кыргызстанда уу коргошун деген аталыш менен белгилүү. Аны рак жана башка ооруларды дарылоодо табыптар колдонуп келген. Бирок ага медицинада тыюу салынган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү уу коргошун коронавирусту дарылоодо натыйжалуу экенин четке каккан.(SE)

XS
SM
MD
LG