Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 06:21

COVID-19: түрк бийлиги мигранттарды эскертти


Түркияда 14-апрелден баштап иш күндөрү кечки саат жетиден таңкы бешке чейин, дем алыш күндөрү толугу менен көчөгө чыгууга тыюу салынган.

Түркияда коронавирус менен ооругандар көбөйүп, 14-апрелден тартып өлкөдө карантиндик чектөөлөр кайрадан киргизилген. Tүрк бийлиги  өлкөдө жашаган мигранттарды пандемия маалындагы эреже-талаптарды так сактоо керектигин, болбосо визасы дароо жокко чыгарыларын эскертип жатат.

Ишембиде Түркиянын ички иштер министри Сүлейман Сойлу (Süleyman Soylu) карантин чараларын жана коменданттык сааттын эрежелерин бузган жарандарга катаал жаза берилерин айтты. Министр өзгөчө өлкөдө жашап жаткан чет өлкөлүк мигранттарды эскертти.

"Ачык айтып жатам. Эгерде паспорту менен тыюу салынган күндөрү көчөгө чыккан чет өлкөлүктөрдүн визасын жокко чыгарам. Менин мындай ыйгарым укугум бар. Эч кимди аябайм. Элдин баары үйдө отурганда, "менде паспорт бар" деп турист катары көчөдө жүрүүгө укугуңар жок. Биз буга жол бербейбиз" ,- деди министр Сойлу.

Ишембиде Түркиянын Ички иштер министри Сүлейман Сойлу.
Ишембиде Түркиянын Ички иштер министри Сүлейман Сойлу.

Белгилей кетсек, Түркияда коронавирус илдетинин жайылышына байланыштуу 14-апрелден баштап иш күндөрү кечки саат жетиден таңкы бешке чейин, дем алыш күндөрү толугу менен көчөгө чыгууга тыюу салынган. Ал эми түрк бийлигинин коронавируска каршы жаңы эрежелерине ылайык, өлкөгө кыска мөөнөткө турист катары келген чет өлкөлүктөр жазаланбайт.

Министр Сойлу эскертип жаткан жагдай болсо, Түркияда туруктуу жашоого уруксаты бар, бирок карантин эрежелерин бузуп, өзүн турист катары көчөдө эркин жүргөн мигранттарга тийиштүү.

Жаңы шарт-талапка ылайык, Түркияда коменданттык саат эрежесин бузган жарандар 3 150 лира (390 доллар тегерегинде) айып пул салынат. Сойлу эми эрежени бузган мигранттардын дароо визасы жокко чыгарыларын эскертти.

Түрк полициясы 17-апрелде жалпы өлкөдө коменданттык сааттын эрежесин бузган төрт миңге жакын жаранга айып пул салынганын кабарлады. Алардын канчасы чет өлкөлүктөр белгисиз.

Өткөн аптада президент Режеп Тайып Эрдоган өзгөчө ири шаарларда коронавирусту жуктуруп алгандар кескин көбөйгөндүктөн жаңы эрежелер киргизилгенин айткан.

Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

"Орозо айынын алгачкы эки жумасында чектөөлөрдү күчөтүп, жарым-жартылай жабуу эрежесин ишке ашырууга өтүп жатабыз. Биздин максат, ушул эки жумада оорулардын жана өлүмдүн санын кыскартууга жетишүү. Эгерде күтүлгөндөй жыйынтыкка жетише албасак, анда катаал чараларды колдонобуз" , деген Эрдоган.

Ошондой эле Түркияда Орозо айында “ооз ачтыруу” жөрөлгөсүн көп киши менен өткөрүүгө тыюу салынган. Мечиттерде таравих намазы окулбайт жана жаназаларга белгилүү санда гана киши катышканга уруксат берилген.

Ал арада 83 миллион адам жашаган Түркияда 20 миллиондон ашык адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Жыл башында түзүлгөн тизмеге ылайык, алгач мугалимдер, полиция кызматкерлери жана дарыгерлер чукул эмделген. Бул аптада болсо 60-65 жаштагы адамдар эмделип жатат.

Түркияда негизинен германиялык "Pfizer-BioNTech" жана кытайлык "SinoVac" вакциналары сайылууда. Түркиянын саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа майдын аягына чейин "Pfizer-BioNTech", "AstraZeneca" жана "Sputnik V" вакциналарынан дагы 105 миллион доза алына турганын кабарлаган.

Расмий маалыматтарга караганда, 18-апрелде Түркияда COVID-19дан 318 бейтап ажал тапты, бул оорудан көз жумгандардын жалпы саны төрт миңге чамалап калды.

Стамбул шаары.
Стамбул шаары.

2021-жылдын январь айындагы статистикага ылайык Түркияда бир миллиондон ашык чет өлкөлүк туруктуу жашоого уруксат алган. Түркияда эң көп ирандык, түркмөнстандык жана сириялык жарандар жашап эмгектенет.

Бул өлкөдө 25 миңден ашуун кыргызстандык расмий каттоого алынган. Алардын канчасы коронавируска чалдыкканы тууралуу расмий маалымат жок.

Түркиядагы алатоолуктардын арасында коронавируска каршы эмделе баштагандар да бар.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Пикирлерди көрүңүз

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG