Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

Орусиядагы уюмдар Навальныйга жардам көрсөтүүнү талап кылышты


Орусия. Алексей Навальный түзөтүү абагында. 13-апрель. 2021-жыл.
Орусия. Алексей Навальный түзөтүү абагында. 13-апрель. 2021-жыл.

Жетимиштен ашуун кайрымдуулук уюмдарынын жетекчилери Орусиянын Жаза аткаруу кызматынын жетекчилигине Навальныйга байланыштуу кайрылуу жолдоду.

Алар Орусиянын Владимир облусундагы түзөтүү абагында үч жумадан бери ачкачылык кармап отурган Алексей Навальныйга өзүнүн тандоосу боюнча жарандык дарыгерлерди киргизүүнү талап кылышууда.

Орусиянын мыйзамдары камакта отурган адамга ооруп калып, абак жайындагы шарт туура келбесе, сырттан дарыгер чакыртууга уруксат берет.

Владимир облусунун Покров шаарындагы №2 түзөтүү абагында отурган Алексей Навальный 31-марттан бери ачкачылык жарыялаган. Аны караган дарыгерлер Навальныйдын саламаттыгы начарлап кеткенин, тез арада кийлигишүү болбосо анын өмүрүнө коркунуч туулушу мүмкүн экенин айтып чыгышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG