Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:18

Парламент баш прокурордун отчетун канааттандырарлык деп тапты


Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

Жогорку Кеңеш 21-апрелде башкы прокурор Курманкул Зулушевдин 2020-жылдагы иш тууралуу отчетун угуп, аны канаттандыраарлык деп тапты. Парламенттин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Былтыркы жылда аткарылган иштер тууралуу эки күн бою Зулушев баяндама жасап, депутаттардын резонанс жараткан иштер, мыйзамдуулук боюнча суроолоруна жооп берди.

Депутаттар аткезчиликке бөгөт коюу, коррупцияга каршы күрөшүү, саясий куугунтукка жол бербөө, республикада мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышы боюнча маселелерди көтөрүштү.

Жыйынтыгында баш прокурордун бул кызматка былтыр жыл соңунда келгенин жана айтылган сунуштарды эске алуу менен баяндама көпчүлүк добуш менен колдоого алынды.

Президент Садыр Жапаровдун саясаттагы үзөңгүлөшү, экс-депутат Курманкул Зулушев өткөн жылдын октябрындагы бийлик алмашкандан кийин башкы прокурор болуп дайындалган. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG