Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Жапаров: Болот Миңжылкиев кыргыз эли барда унутулбайт


Садыр Жапаров.

Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын эл артисти, опера ырчысы Болот Миңжылкиевдин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада cүйлөп жатып айтты.

«Дүйнөгө белгилүү опера ырчысы Болот Миңжылкиевдин ысымы жана жаркын элеси, калтырган эмгеги кыргыз эли барда, кыргыз музыкасы барда эч качан унутулбайт. Болот агабыз операнын мекени болгон Италиянын Милан театрында тажрыйба алмашуу максатында иштеп, Кыргызстандагы опера жаатындагы мыкты даярдыкты көрсөтүп, кыргыз элинин атагын алыскы элдерге таанытты. Анын өмүрү жана эл үчүн аткарган кызматы — баарыбызга үлгү», - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Бас үндүү ырчынын урматына Болот Миңжылкиев атындагы IV Эл аралык опера фестивалы 21-апрелде Бишкекте Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында башталган.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, фестивалга Орусия, Казакстан, Тажикстан, Түркия, Өзбекстан, Украина жана Кыргызстандын опера жылдыздары, мыкты вокалисттери катышат. Көрүүчүлөргө дүйнөлүк опера классикасынын шедеврлери, театрдын репертуарындагы мыкты чыгармалар тартууланат.

Иш-чара 25-апрелде Александр Бородиндин "Князь Игорь" операсы менен аяктайт. Фестивалдын дирижеру Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти Нурматбек Полотов.

СССРдин Эл артисти Болот Миңжылкыев 1940-жылы 23-апрелде Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында туулган. Атактуу ырчы 1997-жылы 16-августта Санкт-Петербургда каза болгон. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган. Ал бас үндүү опера ырчыларынын бири болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG