Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:57

Гүлзат Аалиева "Фейсбук" колдонбоо шарты менен үй камагына чыкты


Гулзат Аалиева
Гулзат Аалиева

Диний кастыкты козуткан деген шек менен кармалган окутуучу Гүлзат Аалиева эки айга үй камагына алынды. Бишкектин Биринчи май райондук соту 23-апрелде ушундай чечим чыгарганын адвокаты Замир Жоошев "Азаттыкка" билдирди.

"21-июнга чейин үй камагында болот. Бул аралыкта "Фейсбукту" колдонбоо сыяктуу чектөөлөр бар", - деди Жоошев.

Философия илимдеринин кандидаты, доцент Гүлзат Аалиева 21-апрелде кармалган. Ага каршы адвокат Аида Абдрахманова соцтармактардагы посттору аркылуу элди экиге бөлүп, диний кастыкты козутуп жатат деген негизде укук коргоо органдарына арыз жазган.

Милиция Аалиева Жазык кодексинин 313-беренеси ("Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу") менен шек саналып, кармалганын маалымдаган.


48 жаштагы Гүлзат Аалиева учурда Бишкектеги менчик эки медициналык университетте философиядан сабак берет. Ага чейин 15 жылдай Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында кафедра башчысы болуп иштеген. Ал интернетте ислам динин кармангандарга карата кескин сын-пикирлери менен таанымал.

22-апрелде анын тарапташтары Жогорку Кеңештин алдына чыгып, камактан бошотууну, эркин ой билдирүү укугун чектебөөнү талап кылышкан. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG