Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:32

“Камбар-Ата-1” ГЭСин курууну Казакстан менен Орусия дагы колдоду


“Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу демилгесине Өзбекстандан сырткары Казакстан менен Орусия дагы кошулду. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мындай маалыматты энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев “Азаттыкка”курган маегинде билдирди.

“Мына азыр Казакстан өз жүйөсүн айтып, “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга биз да кошулабыз дегендей кылды. Орусиядагы өнөктөштөр менен да сүйлөшүп жатабыз. Алар каржы-экономикалык модель жакшы иштесе кошулабыз деп жатышат. Биз коңшулаш мамлекеттерди чакырып, баарыбызга керектүү станцияны чогуу куралы деген максатты коюп жатабыз. Учурда бул долбоорго эң көп кадам таштаган Өзбекстан болду. Казакстан жаңыдан кошулганы жатат. Орусиядан болсо адистер келген. Алар менен кеңешүү иштери жүрүп жатат”, - деди министр.

Кыргызстан өткөн айдын этегинде «Камбар-Ата 1» ГЭСинин курулушун Ташкент менен биргеликте кура турганын жар салган. Ага кеминде эки миллиард долларг коройт деп болжолдонгон.

1980-жылдары долбоору даярдалган «Камбар-Ата-1» ГЭСинин кубаттуулугу 1900 мегаватт болот деп айтылган.

Кыргызстан эгемен алгандан бери аталган ГЭСти курууга Орусия, Иран жана Кытай менен макулдашуулар болгону айтылганы менен аягына чыккан эмес. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG