Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:37

"Кемпир-Абад": мөөнөтсүз акцияга бийлик өкүлдөрү чакырылды


"Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жерди Өзбекстан менен алмашууга каршы чыккандар бийлик өкүлдөрүнүн, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын беш күндүн ичинде келишин талап кылышууда. Акция Ош облусунун Өзгөн районунда, "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанында болуп жатат.

23-апрелдеги акцияга өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн өкүлүнүн орунбасары Бактыбек Алайчиев жана Өзгөн районунун акими катышууда.

Акцияга чыккандар
Акцияга чыккандар

Алайчиев алардын талабын жеткирүүгө убада берип, бирок бийликтегилерди алып келүүгө кепилдик бере албастыгын айтты. Ал акцияга чыккандардан эмки жуманын аягына чейин мөөнөт сурады.

Митингдин катышуучулары талаптарын аткарууга 28-апрелге чейин убакыт коюшту.

"Фейсбуктагы" "Мекендеш ТВ" баракчасынын түз эфири:

"Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жерди Өзбекстан менен алмашууга каршы чыккандардын мөөнөтсүз акциясы 21-апрелден бери уланууда. Уч боз үй тигилген нааразылык жыйынына Кызыл-Октябрь айылынын тургундары катышууда,

Алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, Өзбекстан менен жер алмашууга байланыштуу протоколду жокко чыгарууну талап кылышууда.

17-19-апрель күндөрү Кара-Суу районунун Ынтымак айылынын тургундары да жапырт акция өткөрүшкөн. Алар дагы суу сактагычтын жанындагы дөңсөөдө чогулуп, боз үй тигишкен.

Камчыбек Ташиев нааразы болгондор менен 19-апрелде жолугуп, ошол жерде айтылган талаптардан улам Ташкентке дагы бир жолу барып келерин, 50 гектар жерди 20га чейин азайтууга аракет кыларын айткан.

Жер алмашуу аракети быйыл март айында Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өткөн кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйынынан соң маалым болгон. (SE\DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG