Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:25

Ысык-Көлдө өспүрүмдүн кош бойлуу болуп калышына 16 жаштагы жигит шек саналууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көлдүн Түп райондук билим берүү бөлүмү аймакта 14 жаштагы окуучу кыз 16 жаштагы уландан кош бойлуу болуп калганын билдирди.

Кыздын 27 жумалык боюнда бар экени 19-апрелде белгилүү болгон. Баштапкы маалыматтарга караганда, баланын атасы 10-класста окуган 16 жаштагы бала.

Райондук билим берүү бөлүмү кыз төрөгөндөн кийин окуусун улантарын маалымдады.

Облустук ички иштер башкармалыгы бул маалыматты тастыктап, Жазык кодексинин 164-беренесинин негизинде (16 жашка жете элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) иликтөө башталганын билдирди.

Кыздын ата-энеси жигитке чара көрүү өтүнүчү менен райондук милицияга арыз жазган. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG