Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:44

Садыр Жапаров Судьяларды тандоо кеңешинин мүчөлөрү менен жолукту


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президенти Садыр Жапаров 23-апрелде, Судьяларды тандоо кеңешинин жаңы мүчөлөрү менен жолукту.

Президенттин сайтындагы маалыматка ылайык, анда Жапаров 30 жылдан бери соттук-укуктук реформалардан майнап чыкпаганын айтып, сот органдары өздөрүнүн эң негизги милдети болгон мыйзамдуулукту сактоо жана бузулган укуктарды калыбына келтирүүнү толук аткарбай келгенине токтолгон.

"Мындай абалдан тез аранын ичинде чыгышыбыз зарыл, анткени сот иштериндеги негативдүү тенденциялар жыйынтыгында Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн негиздерине жана жалпы улуттук коопсуздугуна залал келтирбей койбойт", - деп айткан Жапаров.

Ошондой эле сот тутумунун ишине таасир эткен негизги факторлордун бири - бул сотторду тандоо процесси болуп жатканы белгилеген.

Конституциянын жаңы долбооруна ылайык, судьялардын кызмат ордуна талапкерлерди тандоо Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш жүргүзөт. Кеңеш түзүлгөнгө чейин бул функцияны аткаруу Судьяларды тандоо кеңеши аткарып турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG