Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:52

COVID-19: Кыргызстандыктар үч вакцинанын бирин тандай алышат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө иши үч программа боюнча жүрүп жатат. Бул тууралуу 26-апрелде саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкекте өткөн пресс-конференцияда билдирди:

“Бүт бардыгы үч вакцинанын кайсынысын тандап алса, ошону бекер жасап беребиз”.

Министрдин айтымында, COVAX программасы боюнча AstraZeneca (Улуу Британия) вакцинасынан 2 миллион 600 миң доза келет. Анын алгачкы 405 миңи майдын башында келгени жатат.

Кытайдын Sinopharm вакцинасын Кыргызстан 29-мартта колдоно баштаган, бүгүнкү күнгө карата аны менен 16 миң кыргызстандык эмделди. 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза 19-мартта келген.

Орусиянын «Спутник V» вакцинасынан 20 миң доза келген, аны менен 65 жаштан өйдө курактагылар жана өнөкөт оорусу барлар бардык аймактарда 25-апрелден тартып эмделе баштады. Жакын арада андан дагы 100 миң доза келери айтылды.

Кыргызстанда, 26-апрелдеги расмий эсепке караганда, коронавирус 94 030 адамга жукту, алардын 1584ү каза болду.

Эмдөө ыктыярдуу негизде жана бекер жасалат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG