Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:12

ДСУ: Уу коргошун менен COVID-19ду дарылоо боюнча эч документ жок


Уу коргошундун бөтөлкөгө куюлган тундурмасы.
Уу коргошундун бөтөлкөгө куюлган тундурмасы.

Дүйнөлүк саламаттык уюмунда коронавирусту уу коргошун менен дарылоо тууралуу эч кандай документ жок. Бул тууралуу 26-апрелде Бишкекте өткөн пресс-конференцияда уюмдун Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Назира Артыкова айтты:

“Дүйнөлүк саламаттык уюмунда COVID-19ду уу коргошун (аконит) менен дарылоо тууралуу кандайдыр бир документ жок. Документтер берилсе аларды изилдеп чыгып, бардык суроолорго жооп бере алабыз”.

15-апрелде президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын жарыялаган. Эртеси саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев брифинг өткөрүп, уу коргошун ушул кезге чейин Кыргызстандагы ооруканаларда жаткан 300 бейтапка берилип, байкоо жүргүзүлгөнүн жана натыйжасы далилденгенин жарыялаган.

20-апрелде Бишкекте уу коргошунга ууланган төрт адам ооруканага түшкөн. Министр Бейшеналиев уулангандар алар сунуштаган уу коргошунду эмес, өз алдынча ичкендер экенин билдирген.

Уу коргошун коронавирусту дарылоодо натыйжалуу эмес экенин уюм буга чейин да билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG