Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 05:44

Ала-Бука: Ташиев чек арада чогулгандар менен жолукту


Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Көк-Таш айыл аймагында бүгүн, 26-апрелде чек ара маселесине байланыштуу 100-200дөй адам чогулду. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна райондун акиминин милдетин аткаруучу Бектур Сагымбаев билдирди.

Сагымбаевдин айтымында, чогулгандар менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жолукту:

“Камчыбек Кыдыршаевич келип, жолугушуу өткөрүп кетти. Эл чек ара маселесин чечип берүүнү суранган. Ал маселе өзүнүн процедурасы менен чечилет деген жообун айтты”.

Ала-Бука районундагы Гавасай аймагы – Кыргызстандын Өзбекстан менен чек арасынын тактала элек тилкелеринин бири.

Быйыл март айында Ташкентте кыргыз-өзбек чек ара сүйлөшүүлөрүн өткөргөндөн кийин УКМК төрагасы маселе аймактарды алмашуу принциби менен каралып чыкканын жана 100% чечилгенин айткан. Ал «Кемпир-Абад суу сактагычы», «Шахрихансай каналы», «Гавасай», «Көк-Серек», «Баястан», «Ак-Таш», «Үңкүр-Тоо», «Кара-Белес» тилкелерин тактоодон өткөрүү макулдашылганын билдирген. Жалал-Абад менен Наманган облустары чектешкен жердеги Гавасай деген тилкеден сегиз миң гектар жер Кыргызстанга өткөнү маалым болгон.

Президент Садыр Жапаров бул кадамдар тарыхый мааниге ээ экенин белгилеген.

Кыргызстан менен Өзбекстан ортодогу мамлекеттик чек ара маселесин эң кеч дегенде үч айда чечмей болуп жатышканы быйыл 12-мартта Ташкентте президент Садыр Жапаров менен жолугушкандан кийин өзбек президенти Шавкат Мирзиёев айткан.

Ташкент сүйлөшүүлөрүнөн кийин "Кемпир-Абад "суу сактагычы боюнча маселе жаралып, Өзгөндө жергиликтүү тургундардын нааразылык акциясы өткөн. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG