Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 02:36

Садыр Жапаров БУУда инвестиция маселесин көтөрдү


Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-апрелде, видеоконференция форматында өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Азия жана Тынч океан региону үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын 77-сессиясына катышты.

Анда Жапаров БУУнун алдында региондогу экономикалык кызматташтыкты чыңдоо үчүн чечимдерди иштеп чыгуу милдети турарын белгиледи. Ал Кыргызстандын деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок экенин эске салып, уюмдун Борбор Азия экономикасы үчүн атайын программасы аркылуу Азия жана Тынч океан чөлкөмүн аталган комиссиясынын колдоосун кубаттарын айтты.

“Кыргызстан Тынч, Индия жана Атлантика океандарынын бекеттерине чыгууга муктаж. Ага жараша Кыргызстан өлкөгө чет элдик инвестицияларды тартууга кызыкдар. Биз инвестиция жана соода саясатын өркүндөтүүнүн үстүндө жигердүү иштеп жатабыз. Биздин башкы максат - бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ишкерлердин жана инвесторлордун укугун коргоону камсыздоо”, - деди Жапаров.

Ошондой эле талкууда Кыргызстан пандемия шартында жаңы тоскоолдуктарды жаратпай, тескерисинче, соода тармагын өнүктүрүп, калктын жашоо деңгээлин көтөрүү максатында жигердүү кызматташуу зарылдыгы айтылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG