Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:52

Сот Матраимовдордун журналисттерге каршы териштирүүсүн токтотту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жана анын үй-бүлөсүнүн "Азаттык", "Клооп", "24.kg" медиаларына жана журналист Али Токтакуновго каршы доосу боюнча иш кыскартылды. Мындай чечим бүгүн 27-апрелде Бишкектин Свердлов райондук сотунда кабыл алынганын “Азаттык” радиосуна юрист Акмат Алагушев билдирди.

Алагушевдин айтымында, буга Матраимовдордун доо арыздан баш тартканы себеп болду:

“Бүттү, жабылды деп айтсак болот. Эч ким арыздана албайт. Кийин бул маселе боюнча башынан доо арыз берүүгө мүмкүнчүлүк жок”.

Матраимовдор доосунан баш тартканы 23-апрелде белгилүү болгон.

2019-2020-жылдары «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору», (OCCRP) анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы бажы тармагындагы коррупциялык иштерди ашкерелеген иликтөөлөрдүн сериясын жарыялаган.

Бул иликтөөлөргө байланыштуу Матраимовдор соттон журналисттерден жалпысынан 60 млн сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Быйыл Бишкектин Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовду жемкорлук боюнча күнөөлүү деп таап, ага 260 миң сом айыппул чегерген. УКМК бул иш боюнча тергөө жүргүзгөндө Матраимов өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылы бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.

Матраимов айыптуу экенин өзү сотто моюнуна алган.

УКМК Матраимовго карата кылмыштуу кирешени адалдоо боюнча да иш козгоп, быйыл 18-февралда камакка алган. 15-апрелде далил табылбаганын билдирип, териштирүүнү токтоткон жана өзүн боштондукка чыгарган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG