Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:39

Байтереков: Мамлекеттик беш IT-ишкана бириктирилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик IT-ишканалары кыскарып, ордуна борборлоштурулган бир мекеме түзүлөт. Мындай чечим каражатты үнөмдөө максатында кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын cанариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Таалай Байтереков "Спутник" агенттигинде өткөн брифингде билдирди.

“Буга чейинки анализдер бул тармакта бир топ кемчиликтер бар экенин көрсөттү. Ар бир ишкана өзүнчө дүйнө болуп алган. Биргелешкен иш жок. Эл бир жерден маалымат алгысы келет. Мекемелердин биригиши элдин түйшүгүн жеңилдетет”, - деди Байтереков.

Ошондой эле ал жетекчилик кызматтар кыскарып, алардын ордуна кесипкөй программисттерди ишке алууга шарт түзүлөрүн белгиледи. Маалыматка ылайык, ишкананын жетекчилери жана орун басарлары орто эсеп менен айына 80 миң сомдон ашык айлык алышчу.

Өкмөттүн ирилештирүү саясатынын алкагында Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматынын жетекчилери (“Түндүк”, “Инфо-Система”, "Соцсервис", "Транском" жана "Укук") иштен кеткен.

Өкмөткө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматы быйыл Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигине кошулган. Мекеме мурда Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети деп аталчу. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG