Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 03:07

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атылган окуя боюнча сүйлөшүү жүрүүдө


Кыргыз-тажик чек арасындагы "Головной" суу тосмосу. Архивдик сүрөт.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында бүгүн 28-апрелде болгон окуя боюнча тараптар ортосунда ушу тапта сүйлөшүү жүрүп жатат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Түшкө жуук Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылына жакын жерде Ак-Суу дарыясынын суу бөлүштүрүүчү жайында ("Головной")тажик тарап электр мамысына видео байкоо камерасынын экинчисин орнотуп жаткан учурда аларды Кыргызстандын чек арачылары токтоткон. Жаралган абал боюнча эки тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сүйлөшүп жаткан учурда Тажикстан тараптан ок атылган.

Ушундай окуя катталганын, эки тараптан чыңалууну жөнгө салуу үчүн өкүлдөр сүйлөшүү жүргүзүп жатканын облус администрациясы кабарлады.

Эки тараптан жабыркандар жок, сүйлөшүү уланып жатат.

Бүгүнкү окуя боюнча Тажикстандын расмий органдары азырынча комментарий бере элек.

Кыргызстандын Чек ара кызматы расмий комментарий жакында болорун билдирди.

17-апрелде да ушул эле Ак-Сай айыл аймагындагы Ак-Суу дарыясынан суу бөлүштүргөн “Головной” деп аталган суу бөлүштүрүүчү жайдын айынан талаш чыгып, тирешүү болгон.

Суу бөлүштүргөн жай тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов быйыл 3-февралда Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып айткан. Ал Төрт-Гүл суу сактагычына келген каналдын башы Тажикстанга алдырылганын билдирген. Кийин “Головной” эмес, “Кайырма” каналы тууралуу айтканын, Төрт-Гүл суу сактагычын жана “Головной” суу тосмосун стратегиялык объекттердин катарына киргизүү боюнча иш башталганын белгилеген.

Кыргызстан менен Тажикстан 970 чакырымдай чектешет, анын 519 чакырымы эки тараптуу такталган.

Тажик президенти Эмомали Рахмон Ворух анклавына иш сапары менен келгенде кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2002-жылы башталганын, андан бери 100 жолу сүйлөшүү өткөнүн билдирген. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында чек аранын 50 пайызга жакыны тууралуу тараптар мунасага келишкенин айткан. Ошондой эле ал Дүйшөмбү 2016-жылы кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча ички жол-жоболорду бүтүргөнүн, Кыргызстан бул ишти аягына чыгара электигин кошумчалаган. Кыргыз тарап бул билдирүүгө жооп берген эмес. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG