Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:49

FH: өзбек демократиясында жылыш бар


Ташкент.
Ташкент.

"Freedom House" эл аралык укук коргоо уюму демократиянын абалы тууралуу жылдык баяндамасын чыгарды. Анда Кыргызстанда демократиянын абалы 2010-жылкыдан да төмөн түшүп кеткени белгиленген. Ал эми Өзбекстанда былтыр болуп көрбөгөндөй демократиялык жылыштар болгону жазылган.

"Freedom House" эл аралык укук коргоо уюму Европа менен Евразиядагы "антидемократиялык бурулуштар" тууралуу эскертип, көп мамлекеттерде шайланган лидерлер демократиялык институттардын беделине шек келтирип жатканын билдирди.

Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан уюм даярдаган демократиянын абалы тууралуу жылдык баяндамада Кыргызстан Садыр Жапаров мамлекет башына келгени "бийликти бир колго топтолушуна" кескин бурулуш жасаганы белгиленген. Анын негизинде Кыргызстандын рейтинги 2010-жылдагыдан да төмөндөп кеткен.

Жапаров өзү "Азаттыкка" курган маегинде Кыргызстан конституциялык реформаларга карабай демократиялык мамлекет бойдон калаарын билдирген эле.

Ал эми Өзбекстанда тескерисинче "2020-жылы болуп көрбөгөндөй демократиялык жылыш" болгону белгиленип, кандайдыр бир "үмүттүн шооласы" пайда болгону жазылган.

Баяндамада көрсөтүлгөндөй, Өзбекстандагы жылыштарга жарандардын жашоосун жакшыртууга багытталган айыл чарба жана сот тармактарындагы реформалар түрткү болгон.

Орусия менен Беларус болсо "бекем авторитардык режим" орногон мамлекеттердин катарына кошулган.

"Беларустагы демократияны колдогон демонстрациялардын күч менен таркатылышы, Кремлдин коррупцияга каршы чыккан активист жана оппозиция лидери Алексей Навальныйды өлтүрүү аракети жана Украина чек арасына жакын жерде орус аскерлеринин күчүн көрсөткөнү-бул мамлекеттердеги режимдер бийликте калуу үчүн кандай гана барууга даяр экенин көрсөттү",-дейт "Freedom House" жарыялаган баяндамада.

Уюмдун Европа жана Евразия боюнча иликтөөлөрүн жетектеген Желике Чаки аймактагы мындай көрсөткүчтөр өзгөчө тынчсыздануу жаратарын билдирди.

"Авторитаризм-бул улуттук гана көйгөй эмес, бул андан ары жайылып, кеңири аймактарды, керек болсо континеттерди каптачу көйгөй. Европадагы жарандык топтор авторитаризм күч алып бараткан мамлекеттерде өз аракеттерин күчөтүп, демократиялык кыймылдарга колдоо көрсөтүшү зарыл".

КМШ мамлекеттеринин арасынан Армениянын дагы рейтинги соңку бир жылда ылдыйлап кеткени белгиленген.

"Армян демократиясы 2018-жылкы Бархат революциясынан бери биринчи жолу өз позициясынан жазды",-деп белгилейт уюм. Ал эми Украинада 2020-жылы өкмөттүн реформа жүргүзүү аракеттери таасирдүү топтордун күчтүү каршылыгына туш болгону жазылган.

Ошондой эле баяндамада уюмдун тизмесине кирген мамлекеттердин көбүндө эркиндик жаатындагы кырдаал "он жыл мурдагыга салыштырмалуу жаман" экенин эскертилген.

Венгрия менен Польша Евробиримдиктеги демократиянын беделине шек келтирген мамлекеттер катары белгиленип, эки мамлекетте тең "соңку он жылдыкта демократиянын абалы болуп көрбөгөндөй начарлаганы" жазылат. Ал эми жакшы жылыштар Түндүк Македония менен Босния жана Герцоговинада бар экени баяндалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG