Баткен облусунда Тажикстан менен чектешкен аймактарда ок атышуу толугу менен токтой элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Буга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери 29-апрель, кечки саат 20:00дө эки тарап тең ок атышууну токтотуп, чек арадагы аскер күчтөрүн мурдагы жайларына кайтарууну макулдашкан.
Бүгүн Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында кырдаал курчуп кетти. Түштөн кийин Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде ок атылды. Бул үчүн эки тарап бири-бирин айыптап жатат. Куралдуу кагылышта кыргыз тараптан 31 адам жаракат алып, бир адам каза болду. Ал эми Тажикстан тогуз адам жаракат алганын кабарлоодо.
Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап «Капчыгай», «Мин-Булак», «Достук» чек ара тозотторуна жана «Кожогар» жана «Булак-Башы» чек ара бекеттерине ок атканын кабарлады. Анын жыйынтыгында «Достук» чек ара тозотунун имараты өрттөнгөнүн билдирди. Буга жооп иретинде кыргыз тарап Тажикстандын “Кожо Алло” чек ара тозотун ээлеп алганы кабарланган. (JsA/BCh)
Facebook шеринеси