Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 29-апрель, саат 22:30га карай берген маалыматына караганда, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кагылышуудан жарадар болгондордун саны 46га жетти. Алардын бирөө каза болду, 44ү Баткен облусундагы ооруканаларга ар түрдүү жаракат менен жаткырылды. Бир тургун үйүндө дарыланууда.
Тажикстандын чек ара мекемеси 28-29-апрелдеги жаңжалда тогуз адам жаракат алганын билдирди.
Министрдин орун басары Жалалидин Рахматулаев “Азаттыкка” маалымат берип, "кан тапшырууну каалаган демилгечи топторго эшик ачык" экенин айтты.
“Баткендеги ооруканаларга кыркка чукул жарадар түштү. Алардын абалы орточо оор. Бир адам каза болуп калды. Мени менен Бишкектен 11 кишиден турган дарыгерлердин эки бригадасы келди. Нейрохирург, травматолог, хирургдар бар. Ал эми Лейлек районунун Кулунду айылында жарадар болгондорго жергиликтүү оорукана жардам берүүдө. Эртең Бишкектен дарыгерлердин дагы эки бригадасы келсе Лейлекке жиберебиз”, - деди Рахматулаев.
Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап «Капчыгай», «Миң-Булак», «Достук» чек ара тозотторуна, «Кожогар» жана «Булак-Башы» чек ара бекеттерине ок атканын кабарлады. «Достук» чек ара тозотунун имараты өрттөнгөнүн билдирди. Буга жооп иретинде кыргыз тарап Тажикстандын “Кожали” чек ара тозотун ээлеп алганы кабарланды.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын дипломатиялык мекемеси менен сүйлөшүп, ок атууну 29-апрелде кечки саат сегизден тарта токтотуп, аскерлерди мурдагы ээлеген жерлерине кайтаруу макулдашылганын кабарлады.
Баткен облустук администрациясы кечки саат сегизден кийин деле чек арада ок атышуу уланып жатканын билдирди. (BCh)