Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:30

Таластан Баткенге дарыгерлер тобу жөнөп кетти


Баткенде эвакуация болгон эл.
Баткенде эвакуация болгон эл.

Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймактарда чыккан жаңжалдан жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн Таластан Баткенге жети дарыгер жөнөп кетти.

Бул тууралу өкмөттүн Таластагы өкүлчүлүгү маалымат таратты. Жолго чыккан дарыгерлердин кесиби хирург-травмотолог.

Аларды 30-апрель түнү облус башчысы Бакытбек Нарбеков узатты.

Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен аймакта 28-апрелде чек ара чыры чыгып, 29-апрелде абал курчуган.

Акыркы маалыматтар боюнча кыргыз тараптан жараат алгандардын жалпы саны 134 адам. 13 адам каза тапканы кабарланууда. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG