Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 04:18

Жапаров: Чек арадагы калаба чагымчыл күчтөрдүн айынан чыкты, кырдаалды тынч чечип алалы деп келиштик


Президент Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 30-апрелде кыргызстандыктарга Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги окуяларга байланыштуу кайрылуу жасады.

Өз сөзүндө ал “калабалуу окуялар айрым чагымчыл күчтөрдүн кесепетинен улам башталып кеткенин” айтып, ал кайсы күчтөр экенин атаган жок.

Чек ара тилкесин аныктоо – карапайым элден да, жетекчиликтен да өтө аярлыкты жана тыкан ишти талап кылган маселе экенин, мындай олуттуу маселелер тынчтык сүйлөшүүлөрү аркылуу гана чечилип келгенин белгиледи.

“Тилекке каршы, - деди Жапаров, - куралдуу кагылышуунун аягы карапайым адамдардын тынч жашоосун бузуп, адам өмүрүнө жана экономикалык чыгымга алып келди. Эки тараптан тең чоң жоготуулар болду”.

Президент жакындарынан айрылгандарга терең кайгыруу менен көңүл айтып, “Мекен чегин коргоодо жан аябай салгылашып курман болгон жоокерлердин эрдигине таазим этем” деди.

Жапаров бардык тараптарды тынчтыкка чакырып, бүгүн Тажикистандын президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшкөнүн, “чек ара жана башка маселелерди тынчтык жана сүйлөшүү жолу менен чечип алалы” деп келишкенин кошумчалады.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кийин абал курчуп, Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болду, 29-апрелде үйлөр жана имараттар өрттөлдү, 20 миңдей жай тургун эвакуацияланды.

Жараат алган кыргызстандыктардын саны 154, каза болгондор 31 экени 30-апрелде саат 18де маалымдалды.

Тажик бийлиги жабыр тарткандар тууралуу расмий маалымат бере элек. Маалымат каражаттары ишенимдүү булактарына таянып, жаңжалда 12 жаран мерт болушу мүмкүн экенин жазды. Маалыматка караганда 90 адам жараат алды.

30-апрелде саат 21:00дө Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматы Тажикстан Ош-Исфана жолуна кетчү көчөнү ачып, Кызыл-Белге кирген аскерлерин чыгарып кеткенин кабарлады. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG