Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:09

АКШ жана НАТО Ооганстандан аскерлерин чыгара баштады


Ооганстандагы америкалык аскерлер
Ооганстандагы америкалык аскерлер

1-майдан тартып Кошмо Штаттар жана НАТО Ооганстанда калган аскер күчтөрүн чыгара баштады. Азырынча ондогон жылдар бою согуш басылбаган өлкөдө тынчтык орной элек.

АКШнын 3 миңге жакын, НАТОнун 7 миң жоокери 11-сентябрга чейин чыгып кетет. Эл аралык күчтөр ооган жергесинде 20 жылдай турду.

2020-жылдын февралында Вашингтон “Талибан” кыймылы менен эл аралык күчтөрдү быйыл 1-майга чейин чыгарып кетүүнү макулдашкан.

30-апрелдин кечинде Ооганстандын ички иштер министринин милдетин аткарган Хаятулла Хаят талибдер “зордук-зомбулукту күчөтүшү мүмкүн” деген кооптонуудан улам полицияга “шаарларда өткөрмө бекеттердин санын көбөйтүп, күчөтүлгөн тартипте иштөөгө” буйрук берди.

АКШнын президенти Жо Байден америкалык жоокерлер Ооганстандан 11-сентябрга чейин чыгып кетерин өткөн айда жарыялаган.

Ал эми былтыр Доналд Трамп АКШнын президенти болуп турган кезде Ак Үй "Талибан" кыймылынын жетекчилиги менен жетишкен макулдашууга ылайык АКШнын жоокерлери 2021-жылдын 1-майына чейин Ооганстандан чыгып кетүүгө тийиш болчу.

XS
SM
MD
LG