Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:13

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы: Митингчилердин курал берүү талабын аткаруу мүмкүн эмес


1-май, 2021-жыл. Бишкекте өкмөт үйүнүн алдына чогулгандар.
1-май, 2021-жыл. Бишкекте өкмөт үйүнүн алдына чогулгандар.

Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыккандардын Баткен облусундагы чек араны коргоо үчүн аларга курал-жарак берүү тууралуу талабын аткаруу мүмкүн эмес. Бул тууралуу 1-майда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы билдирди.

Мекеме белгилегендей, “Мындай иш оор кесепеттерге алып келет. Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрү уланууда. Ошондой эле чек ара түзүмдөрүнүн эки жетекчиси Тажикстандын аймагында сүйлөшүү жүргүзүп жатышат”.

Бүгүн Өкмөт үйүнүн алдында чек ара маселесин чечүүнү талап кылган акция өттү.

Журналисттердин эсебинде акцияга 500дөн ашуун киши чогулду. Алар кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды турукташтырууну, чек ара маселесин тез арада чечүүнү талап кылышты. (RK)

XS
SM
MD
LG