Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Өкмөт чек ара жаңжалында жабыркагандарга кенемте төлөйт


Кыргызстан чек арадагы жаңжалдын чыгымдарын эсептей баштады.
Кыргызстан чек арадагы жаңжалдын чыгымдарын эсептей баштады.

Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөт аппаратынын маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Толкун Камчыбекова билдирди. Ага ылайык, ушул тушта кыргыз-тажик чек арасындагы коогада мерт болгондорго жана жабыркагандарга төлөнүүчү кенемтенин көлөмүнө байланыштуу маселе каралып жатат.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын саны 36га жетип, 183 киши жараат алды. Үй-жайын таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 58 миңге чамалады. Жүзгө жакын турак жай талкаланып, өрттөлдү.

Тажикстандын өкмөтү жабыркагандар жана курмандыктар тууралуу расмий маалымат бере элек. "Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып, 16 киши каза болуп, 90у жараат алганын билдирген. Жаңжалда жабыр тарткан айылдарга барган журналисттер Кожалы (Хожа Аъло) айылында бузулган, өрттөлгөн үйлөрдүн сүрөттөрүн жарыялашты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG