Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:31

Польша,Украина жана Балтика өлкөлөрү декларацияга кол коюшту


Варшава. Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Польшанын президенти Анжей Дуданын жолугушуусу. 3-май, 2021-жыл.
Варшава. Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Польшанын президенти Анжей Дуданын жолугушуусу. 3-май, 2021-жыл.

Польша, Украина жана Балтика өлкөлөрүнүн президенттери дүйшөмбүдө Варшавада жолугуп, кызматташтык жана демократиянын фундаменталдык принциптерин колдоо боюнча декларацияга кол коюшту.

«Бардыгыбыз үчүн биздин жалпы коопсуздугубузга коркунуч туулган шартта биздин элдердин тилектештиги тынчтык, туруктуулук жана өнүгүү үчүн абдан маанилүү», - деп жазылган украин президенти Владимир Зеленскийдин расмий сайтында.

Мамлекет башчыларынын жолугушуусу поляк королдугу менен Литва княздыгынын Посполита Конституциясынын кабыл алынышынын 230 жылдыгына карата болду. Бул документ 1791-жылы саясий системаны, укуктун үстөмдүгүн бекемдөө жана коңшулаш державалардын, анын ичинде Орусиянын баскынчылыгынан коргоого багытталган.

Бул Конституция Европадагы эң алгачкы демократиялык документ катары аталган. Бирок бул документ кабыл алынгандан төрт жыл өткөндөн кийин Орусия, Пруссия жана Австриянын ортосундагы аймак бөлүнүп, көз карандысыз Польша мамлекет катары жашабай калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG