Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:36

БШК Токмоктогу шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 11-апрелде өткөн Токмок шаардык кеңештин шайлоосунун жыйынтыгын жокко чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган кеңештин шайлоосуна катышкан “Бирге”, “Эл биримдиги” жана “Республика” партиялары "шайлоодо административдик ресурс колдонулду", деп бирин-бири айыптап Боршайкомго арыз жазышкан. Ошондой эле партиялар бир үйгө жапырт каттоо маселесин да көтөрүшкөн.

Арыз-дооматтар 3-майда БШКнын жыйынында каралып, Ички иштер министрлигинин өкүлү мыйзам бузуулар тууралуу документтерди көрсөткөн. Анын негизинде Токмок шаарындагы жети шайлоо тилкедеги добуштар жокко чыгырылды.

“Шайлоо мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү кеңешке катышкан шайлоочулардын добуштарынын үчтөн бири жокко чыгарылса кайра шайлоо болушу керек. Токмок шаарында мына ушундай көрүнүш болду. БШК чечим кабыл алып, президентке сунуштадык”, - деди Бекматов.

Токмок шаардык кеңешке кайра шайлоо президенттин чечиминен кийин белгилүү болот.

11-апрелде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо болгон.

Токмокто беш партия шайлоого катышып анын төртөө босого чегинен өткөн. Анда "Эмгек" партиясы 47,77%, "Бирге" партиясы 18,55%, "Эл Биримдиги" партиясы 14,17% жана "Республика" партиясы 11,95% добуш алган. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG