Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Садыр Жапаров: жаңы Баш мыйзамда азыркы чакырыктар эске алынды


Садыр Жапаров жаңы Конституцияга 5-майда кол коюп, элге кайрылуу жасайт.
Садыр Жапаров жаңы Конституцияга 5-майда кол коюп, элге кайрылуу жасайт.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда өлкө элин Конституция күнү менен куттуктады. Анда өлкөнүн эгемен тарыхында Баш мыйзам бир канча жолу өзгөргөнүн, жаңы Конституция учурдун талабына жооп берерин белгиледи.

“Жаңы Конституция биздин өлкө үчүн актуалдуу чакырыктарды эске алуу менен жазылды. Анда биз эл катары аздектеген баалуулуктарыбыз менен коом катары умтулуп жаткан идеалдарыбыз чагылдырылган. Баш мыйзамыбыз элибиздин кызыкчылыгына ийгиликтүү кызмат кылып, Кыргызстандын мындан аркы натыйжалуу өнүгүүсүнө өбөлгө болот деп бекем ишенем” деп айтылат куттуктоодо.

Садыр Жапаров 5-майда жаңы Конституцияга кол коюп, өлкө элине кайрылуу жасайт. Президенттин маалымат кызматынын билдиришинче, иш-чарага бийлик өкүлдөрү, Жогорку Кеңеш депутаттары жана коомдук-саясий ишмерлер катышат.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 30-апрелде Конституция тууралуу референдумдун жыйынтыгын бекиткен.

Ага ылайык, референдумга добуш берчү жарандардын жалпы саны 3 606 201ди түзгөн. Анын 36,66 % (1 322 124) шайлоого катышкан. Добуш бергендердин 79,32% (1 048 660) Кыргызстанда президенттик башкаруу системасын кайра орното турган Конституциянын долбоорун колдогон. Калган 13,72 % (181 370) каршы добуш беришкен.

Буга чейин жаңы Баш мыйзам кабыл алынса бийликтин бир колго топтолушуна жол ачат деген сын-доомат айтылган.

Конституциялык реформаны жактагандар Кыргызстанда 10-январдагы референдумда шайлоочулардын 80% президенттик башкаруу системасын колдошконун, ага жараша жаңы Баш мыйзам иштелип чыкканын белгилеп келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG