Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:45

Жапаров мамлекеттик ишканалар менчикке өткөрүлөрүн айтты


Садыр Жапаровдун жаңы Конституцияга кол койгон учуру.
Садыр Жапаровдун жаңы Конституцияга кол койгон учуру.

"Мамлекеттик менчикке караганда жеке менчик ээси натыйжалуу иштей тургандыгын экономикалык реалдуулук ырастады". Мындай пикирин президент Садыр Жапаров 5-майда жаңы Конституцияга кол койгондон кийин өлкө элине кайрылуу жасаган учурда айтты.

"Биздин милдет — мамлекеттик ишканаларда реструктуризация жүргүзүп, келечекте жеке менчикке өткөрүү. Ал эми стратегиялык объектилерде кызмат көрсөтүү сервистерин менчиктештирүү керек. Мамлекеттик мүлк фонду бул ишти аяктаган соң жоюлушу кажет", - деди президент.

Ал менчиктештирүүгө жатпаган мамлекеттик мүлктөрдү министрликтерге жана ведомстволорго, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү керектигин айтып, бул жумушту аткаруу үчүн бир жыл жетиштүү деп ойлорун кошумчалады.

Мамлекеттин менчигиндеги мүлктү сатуу, ижарага берүү, конфискацияланган объектилердин базасында бюджетке киреше алып келүү милдетин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду аткарат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG