Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:04

Садыр Жапаров: Жабыркаган үйлөр эки айда калыбына келтирилет


Президент Садыр Жапаров Баткендеги жумушчу сапарынын алкагында Маргун айылына барды. Жергиликтүү тургундар менен жолугушууда кыргыз-тажик чек арасындагы коогада кыйраган, өрттөлүп, талкаланган үйлөрдү, турак-жайларды эки айдын ичинде калыбына келтирүү тууралуу убада берди. Жапаров чыгымдардын баарын мамлекет көтөрүн айтты. Ошондой эле Маргунда аскердик бөлүк жайгашарын маалымдады.

Жапаров 6-майда Баткенде иш сапар менен жүрөт. Анын күзөтчүлөрү журналисттерге, жайкын тургундарга президенттин жолугушууларын сүрөткө, видео-аудиого тарттырбай жатат.

Президент 5-майда “Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндөгү” жарлыкка кол койгон.

Ага ылайык, бул максатта премьер-министр төрагалык кылган мамлекеттик комиссия түзүлөт жана аталган облуста президенттин атайын өкүлү дайындалат.

28-30-апрель жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алды.

Дүйшөмбү 6-майда бул жаңжалда 19 адам каза болуп, 87 киши жараат алганын расмий кабарлады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG