Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:53

Чек ара: Кыргызстан Тажикстан менен биргелешкен билдирүүнү жарыялады


Кыргызстандын Министрлер кабинети чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттүк делегацияларынын 1-2-майдагы жолугушуусунан кийинки биргелешкен билдирүүсүн жарыялады.

Ага ылайык, тараптар Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жолду биргелешип курат, Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтөрү айтылган жолду тажик тарап колдонуп, абалын карап туруу милдетин алат.

Ошондой эле эки өлкө аталган анклавдын чегин "Кожалы- Ворух" жолу курулгандан кийин тактоону макулдашкан.

Андан сырткары эки тарап №43 - №61, №135 - №141 чек ара чекиттеринин долбоордук тилкесин чийип чыгууну, ал үчүн 1924-1927-жылдардагы улуттук-аймактык чек бөлүүнүн, 1989-жылдагы паритеттик комиссиянын документтерин колдонуу тууралуу орток пикир табышкан.


Эки өлкөнүн топографиялык жумушчу топторуна 5-майдан 9-майга чейин жогорудагы чек ара тилкелерин тактап, жазуу тапшырмасы берилген. Муну менен кошо жумушчу топтор 17-майга чейин Кыргызстандын Лейлек районунун Максат, Кулунду, Баткен районунун Көк-Таш, Көк-Терек, Ак-Сай айылдарындагы жана Тажикстандын Овчи Калача, Чорку, Сомониён, Ходжаи Аъло аймактарындагы участоктордо топографиялык иштерди башташы керек.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы, чек араны тактоо боюнча комиссияны жетектеген Камчыбек Ташиев 9-майга чейин кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги 112 чакырымды чийип, тактап чыгуу тапшырмасы берилгенин билдирген.

Эки өлкөнүн чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт. Анын 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу жер тилкеси болуп саналат.

28-30-апрелде жана 1-майда кыргыз-тажик чегинде чыккан соңку жаңжалдан Кыргызстандын 36 жараны курман болуп, 180ден көбү жараат алды.

Дүйшөмбү 6-майда бул жаңжалда 19 адам каза болуп, 87 киши жараат алганын расмий кабарлады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG