Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:55

Тажик бийлиги чек ара жаңжалында өлгөндөрдүн расмий санын жарыялады


Кыргыз-тажик чек арасындагы чатакта жабыркаган исфаралыктар.
Кыргыз-тажик чек арасындагы чатакта жабыркаган исфаралыктар.

Тажикстандын бийлиги 28-29-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда көз жумган жарандарынын расмий санын жарыялады. Бул тууралуу «Азаттыктын» тажик кызматы жазды.

Согд облусунун басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, кагылышта 19 адам каза болуп, 87 киши жарадар болгон. Ошондой эле жергиликтүү бийлик набыт болгондордун үй-бүлөлөрүнө жалпы суммасы 700 миң сомони же 5 млн. 200 миң сомдук материалдык жардам көрсөтүлгөнүн билдирди.

Жалпысынан өкмөт каза тапкандардын жана жарадарлардын жакындарына жардам катары 3 миллион сомони бөлгөн.

28-30-апрелде жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG