Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:43

Блинкен Орусияны Украинага каршы «агрессивдүү» аракеттерди токтотууга чакырды


АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Украинанын президенти Владимир Зеленский.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Киевге келген АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Украина президенти Владимир Зеленский менен жолугуп, Вашингтон Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин колдой турганын дагы бир жолу ырастады.

«Биз Орусия өзүнүн агрессивдүү жана акылга сыйбаган аракеттерин токтотот деп күтөбүз. Орусия Украинанын чек арасына жакын жерден өз аскерлерин чыгарып кеткенин билебиз. Бирок дале калганын көрүп турабыз. Коркунуч дагы эле бар. Орусия кааласа кыска мөөнөттө агрессивдүү кадамдарды жасай алат», - деди Блинкен.

Зеленский Украинанын чек арасына жакын жерде 75 миңдей орусиялык аскер бар экенин кошумчалады. Бир күндүк сапарынын алкагында Блинкен Жогорку Раданын депутаттары, анын ичинде саясатчылар Юлия Тимошенко жана Петро Порошенко менен жолугушту.

5-майда Мамлекеттик департамент жарыялаган билдирүүдө 2014-жылдан бери АКШ Украинага 4,6 миллиарддан доллардан көп жардам көрсөткөнү жазылган.

Билдирүүдө Кошмо Штаттар Донбасс менен Крымды Украинанын бөлүгү деп эсептей турганы белгиленип, жарым аралды Киевге кайтарып берүүгө чакырык ташталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG