Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:20

“Бир Бол” Оштогу шайлоого байланыштуу БШКга арыз жазды


Оштогу шайлоо тилкелеринин бири.
Оштогу шайлоо тилкелеринин бири.

“Бир Бол” Ош шаардык кеңешке өткөн шайлоодо жети добушканадагы жыйынтыкты жокко чыгарууну суранды.

Партия №5275, 5300, 5305, 5311, 5551, 5281, 5913 тилкелердеги шайлоо добуш сатып алуу, мыйзамсыздык менен коштолгонун жүйө келтирип жатат.

Партиянын өкүлдөрү 12-апрелде Ош аймактык шайлоо комиссиясына (АШК) арыз жазган. Алар АШК 21-апрелде чечим чыгарганын, бирок партия көрсөткөн эреже бузууларга толук көңүл бурулбаганын билдиришти.

Мындан улам 26-апрелде арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылган. БШК төрагасынын орунбасары Абдыжапар Бекматов арыз түшкөнүн тастыктады.

Бирок “Азаттыктын” кабарчысы БШКнын сайтында даттануулар катталган реестрден “Бир Болдун” арызын таба алган жок.

11-апрелдеги Ош шаардык кеңешине өткөн шайлоодо тогуз партия ат салышып, төртөө өткөн. Алар: “Ата-Журт Кыргызстан”, “Улуттар биримдиги”, “Ынтымак”, “Ыйман-Нуру”.

Алты партия - “Улуттар биримдиги”, “Ишеним”, “Улуу Журт”, “Республика”, “Бир Бол” жана “Бүтүн Кыргызстан” - жыйынтыкка нааразы болуп, президентке кайрылуу жолдошкон. Алар "шайлоо ыплас өттү" деп Ош шаардык мэриясы мыйзам бузууга барганын айтышкан жана мэр Таалайбек Сарыбашевдин жоопкерчилигин карап чыгууну талап кылышкан.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, нааразы тарап добуш берүү жараянына байланыштуу арыздарга карата Аймактык шайлоо комиссиясынын чечими чыккандан кийин БШКга үч күндүн ичинде кайрадан даттана алат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG