Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:52

Жогорку Кеңеш чек арадагы кооганы жабык талкуулап жатат


Баткен.
Баткен.

Жогорку Кеңеш 6-майдагы сессиясында кыргыз-тажик чек арасындагы кооганы жабык талкуулап жатат. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов баштаган жетекчилер чакырылган.

Парламентте президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү ушул тушта Баткенде жүргөндүктөн, маселени эмки аптада кароо тууралуу демилге көтөрүлгөн, бирок ал добуш берүүдө колдоо тапкан эмес. Айрым депутаттар чек ара маселеси ачык талкууланышы керектигин билдиришкен.

Буга чейин парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети чек арадагы куралдуу кагылышка байланыштуу бир канча чечимди кабыл алган жана ал 6-майдагы жалпы жыйынга чыгарылары айтылган.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алды. Дүйшөмбү 6-майда бул жаңжалда 19 адам каза болуп, 87 киши жараат алганын расмий кабарлады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG