Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:17

Бала сатууга шектелген болгариялык түгөйлөр кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Адам аткезчилиги менен алектенген топко тиешеси бар деп шектелген болгариялык түгөйлөр Германияда камакка алынды.

Немис бийлигинин маалыматына ылайык, кармалгандар Болгариядан ай күнүнө жетип калган аялдарды Грецияга алып барып, алар төрөгөндөн кийин ымыркайларды 3000-4300 долларга сатып жүрүшкөн деп шектелип жатышат. Аталган сумманын аз гана бөлүгү энелерге берилип, калганын ортомчулар өз чөнтөгүнө салып келгени айтылууда.

Кылмышка шектүүлөр өткөн аптада Нойнкирхен шаарында Болгария бийлигинин өтүнүчү менен колго түшүрүлгөн.

5-майда болгар прокуратурасы жарыялаган билдирүүгө ылайык, бул түгөйдүн уулу дагы «Греция аймагында бала сатуу операциясына катышканы» үчүн камакка алынган.

Үй-бүлө мүчөлөрүнүн күнөөлөрү далилденсе, ар бири беш жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG